Түркияда Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көчмө госпиталы иштеп жатат. Бул тууралуу мекеме тараткан маалыматта айтылат.
Министрлик билдиргендей, көчмө госпиталы Кахраманмараш шаарында зилзаладан жабыркаган жарандарды 24 саат бою кабыл алып, жардам көрсөтүүдө.
Эске салсак, 6-февралда Түркияда күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен эки жолу катуу жер титирөө болгон. Кыргызстандан 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн 2 ит жөнөтүлгөн. Андан соң 12-февралда 80 куткаруучусу менен бирге үч дарыгер жана үч жумушчу жөнөп кеткен. Ошондой эле үй-жайсыз калгандардын убактылуу баш калкалоосу үчүн 78 боз үй берилип, Кахраманмараш шаарында тигилген.