Бишкек шаарында 17-февралдан баштап 120 жаңы автобустун 1 партиясы, тагыраагы 50 автобус каттамдарга чыга баштады. Бул туурасында мэриядан маалымдалды.
Белгилүү болгондой, бүгүнтөн баштап бекитилген маршруттар боюнча №38, №42, №48 жаңы автобустар жүргүнчүлөрдү тейлеп баштайт.
Жаңы автобустар учурдагы маршруттук линиялар боюнча төмөнкү каттамдарда:
Калган автобустар жакынкы аралыкта каттамдарга чыгарылат.
Белгилей кетсек, жапызполдуу автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, ал газ кыймылдаткычы менен жабдылган. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, бирөө мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн, ичинде 8 USB кубаттагыч жана 5 камера бар. Мындан тышкары ар бир автобуста жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.