Бүгүн, 17-февралда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети менен 9 кесиптик орто окуу жай өз ара кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.
Маалым болгондой, кол коюу иш-чарасына окуу жайлардын жетекчилери, жетекчинин орун басарлары катышты:
- Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайы;
- М.Күренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы;
- Н.Борошов атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы;
- Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи;
- Н.Давлесов атындагы республикалык маданият жана искусство колледжи;
- Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы;
- Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театырынын алдындагы театралдык окуу жайы;
- Жалал-Абад маданият техникуму;
- М.Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернаты.
Кесиптик орто окуу жайлар жана музыкалык мектептер университет менен 5 багытта кызматташат:
1. Аталган кесиптик орто окуу жайлар (КООЖ) КММИУнун бүтүрүүчүлөрүнө иш берүүчү мекеме катары окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн жумуш менен камсыз кылат;
2. Аталган КООЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку билим алуусу үчүн КММИУга тапшыруусун камсыздоо;
3. Окуу пландарын биргелешип түзүү. Жогоруда аталган КООЖдун биринде окууну бүтүрүп, КММИУга тапшырган студенттердин курсун сактоо, арадагы академиялык айырмаларды максималдуу кыскартуу, жоюу;
4. КООЖдордун окутуучуларынын билимин жогорулатуу курстарын өткөрүү, квалификациясын жогорулатууга КММИУ негизги база болот;
5. Биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, методикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү.
"КММИУнун бүтүрүүчүлөрүн иш менен камсыз кылууда маданият, искусство багыты боюнча билим берген кесиптик орто окуу жайлар бизге негизги өнөктөш болот . Анткени биздин бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүк бөлүгү аталган окуу жайларда мугалим болуп эмгектенет. КООЖдорун бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку билим алуусу үчүн КММИУга келип тапшыруусун камсыз кылалы деп жатабыз. Алардын ЖОЖго кыйынчылыксыз тапшыруусу үчүн окуу пландарын биргелешип түзүү чечимин кабыл алдык. Анткени КООЖдун бүтүрүүчүсү бизге келгенде кайрадан биринчи курска окууга, же өтө көп академиялык айырма үчүн акча төлөөгө мажбур болууда. Ошол кенемтени жоюп, студенттин академиялык айырмасы жок, үчүнчү же төртүнчү курстан окуусун улантуусун шартташыбыз керек. Түзүлгөн келишимдин дагы бир шарты, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда университет кесиптик орто окуу жайлары үчүн база болуп, окутуу иштерин алып барат. Ошону менен бирге келишимге илимий изилдөөлөр, методикалык кызматташтык боюнча бөлүктөр да камтылды", - деди КММИУнун ректору Түмөнбай Колдошов.
Мындан сырткары жогоруда аталган КООЖдордун жетекчилери менен чыгармачылык, маданий байланыштарды чыңдоо, устат-шакирт салттуулугун өркүндөтүү тууралуу да сүйлөшүүлөр жүрдү.