Социалдык тармактарда класска күчүк алып келген окуучуну урушкан мугалимдин коомчулуктан кечирим сураган видеосу тарады.
Ал эмоцияга алдырып койгонун айткан.
"Мындай көрүнүштөр көп эле болуп келген. Кайра кайталанбашы үчүн баланы тартипке чакыруу максатында жакшы эле ойдо урушуп койгом. Эмоцияга алдырганым үчүн коомчулуктан кечирим сурайм", - деген ал.
Эскерте кетсек, 13-февралда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ч.Айтматов атындагы №5 мектеп-гимназиянын 4-классынын окуучусу мектепке күчүк алып келгени үчүн аны класс жетекчиси катуу тилдеген. Бул окуя тартылган видео социалдык тармактарга тарап, колдонуучулар арасында сынга кабылган.
Өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуя боюнча мектеп директоруна жана соцпедагогго эскертүү, видеотасмага жана окуучуга орой мамиле жасагандыгы үчүн мугалимге катуу сөгүш берилген.