Бишкектеги "Орто-Сай" базарында мыйзамсыз орнотулган объекттер алынууда (фото)

Бишкектеги "Орто-Сай" базарында мыйзамсыз орнотулган объекттер алынууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жеринде мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы, "Тазалык" муниципалдык ишканасы, Октябрь райондук милициясынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иш алып барууда.

Анын алкагында жалпысынан 16 темир чатыр, 115 башаламан соода жайы, 97 жарнактык конструкция, 2 күркө жана 20 метрди түзгөн темир тосмо алынды.

Эскерте кетсек, буга чейин комиссия жарнамаларды жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан