Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев менен көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев жолугушту.
Жолугушууда Акылбек Түмөнбаев бардык чечим мыйзамдуу жана түрдө болуш керек экендигин баса белгилеп, азыркы тапта президент тактыктуу өз ишин аткарып жатканын айтып, ийгилик каалап, керек болсо улуттук спортту өнүктүрүүгө кол кабыш кылууга даяр экендигин билдирди.
"Мыйзамдуу өлкөдө жашагандан кийин бардыгы мыйзамдуу болуш керек. Талас Бегалиев федерациянын президенти болуп бүгүнкү күнү отурат. Мен колумдан келсе бул жигитке жардамымды берип, салымымды кошконго даярмын. Ушул жигит көк бөрү деп канча жылдан бери аракет кылып, кыргыздын көк бөрүсүн унутта калтырбайм деп жүргөн жигиттердин бири. Кечээ түшүнбөстүк болуп, мен дагы облустардан канчасы келгенин билбейм, мен ал жерге өзүмдүн сөзүмдү айтып кетейин деп эле баргам. Ал жерде түшүнбөстүк болуп, добуштарын берип калышты", - деди Түмөнбаев.
Кечээ, 16-февралда Бишкекте жыйын өтүп, анда көк бөрү федерациясынын президенттигине депутат Акылбек Түмөнбаев дайындалганы айтылган. Ага чейин бул кызматта Талас Бегалиев иштеп келген. Кийинчерээк Талас Бегалиев жыйын мыйзамсыз өткөнүн билдирген.