Ала-Букада кар көчкүдө калган 4 жаран куткарылды

Ала-Бука районундагы "Фулл Голд Майнинг" алтын казуучу фирмасына кар көчкү түштү. Анда кар алдында калган 4 кызматкер куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматында айтылат.

Аталган 4 жаран кен казуучу компаниянын кызматкерлери тарабынан чыгарылып, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда баарынын абалы туруктуу экени айтылууда.

Жерине райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн тийиштүү кызматкерлери тартылып, бирок Ала-Бука-Каныш-Кыя-Киров авто унаа жолунун 45-чакырымына кар күрткү түшүп, автоунаа өтө албагандыктан кайра кайтышкан.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан