Ырчы Алишер Тоотаев Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош улуттук филармониясына директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон.
Белгилүү болгондой, министрликтин астында түзүлгөн атайын комиссия 9 кандидаттын ичинен Тоотаевдин талапкерлигин колдогон.
Алишер Тоотаев "Күтүшкөн күндөр", "Турмуш", "Балалык" сыяктуу ырлары менен белгилүү.
Ал эми буга чейин аталган филармонияны Гүлшайыр Садыбакасова жетектеп келген. Ал өз арызынын негизинде ушул айдын башында кызматын тапшырган болчу. Ал филармонияны 2000-жылдан бери жетектеп келген.