Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу министрлер кабинети маалымдады.
Тийиштүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынды.
Аталган чечим 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Мындан улам министрлер кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары (эл аралык транзитти жана министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу чечими кабыл алынды", - деп жазылат билдирүүдө.