Жарандык активист Перизат Суранова үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Маалым болгондой, Суранова ден соолугуна байланыштуу 14-февралда Чүй облустук ооруканасына жеткирилген. Ага тез арада операция жасалышы керектиги январдын башында айтылган.
Эскерте кетсек, Суранова былтыр октябрь айында камакка алынган.