Ушул жылдын 20-февралында Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Кабарлангандай, оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин калаанын Пахта, Э.Осмонов, Э.Жуманазаров, Ленин көчөлөрүндө электр жарыгы болбойт.
Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.