Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча Жол картасына декабрь айында кол коюлат. Муну 9-декабрда Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Патриция Флор менен жолугушуу учурунда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев айтты. Айтымында, декабрь айында президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга болгон иш сапарына чейин Жол картасынын акыркы үлгүсү даяр болуп калышы керек.
“Биздин ички да, тышкы да саясатыбыздын максаты бир: Кыргызстандын экономикасын көтөрүү. Бүгүнкү күндө бизде өндүрүлгөн товарлардын дээрлик баары Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерге экспорттолууда”,- деди Оторбаев.