ПОЭТЕРАПИЯ: "Эх, өмүр толгон-токой барактайсың, куурап да, пайда берген дарактайсың"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы жаш калемгер Кенжегүл Акылбекова.

Кенжегүл Акылбекова Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Ара-Көл айылында 2005-жылдын 29-августунда жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө алты бир туугандын эң кенжеси. 2012-жылы мектеп босогосун аттап, учурда Ара-Көл орто мектебинин 11-классынын окуучусу. Ыр дүйнөсүнө болгон кызыгуусу 3-классында башталган. Жазган ырлары акындардын ыр жыйнак китебине 2021-жылдан бери жыл сайын жарыяланып турат. 2021-жылы "Поэзия Ордосу" көркөм-адабий коомдук бирикмесине мүчө болуп кабыл алынган. Бирикме ичинде ар кандай конкурстарга катышып бир канча ийгиликтерди жараткан.

ЧЫГААН ЖУРНАЛИСТ УЛАН ЭГИЗБАЕВГЕ

Деңиз толкуйт сабыр кылып термелип,
Кээде дайра агымына шерленип.
Бирок деңиз кээде ошол түбүнө,
Өзүн көздөй тартып чөгөт белденип.

Буга чейин өттү далай агымдар,
Жүрөгү курч тайманбаган жалын бар.
Иш кылса да дити менен белсенип,
Мекен үчүн курман болгон жалындар.

Антсе дагы айта турган кеп башы,
Азаматты курман кылган керт башы.
Тоодой болгон айыптарды ачыктап,
Жашырганды төккөн көздүн тек жашы.

Кандай күндөр өттү деги башынан,
Чындык издеп жерге койгон ашынан.
Эртең үчүн күйүп бышкан журналист,
Кайран Улан кетти кырчын жашынан.

Кайрат менен күч кубатын бир жыйнап,
Келечекке жашыл жаркын жол курмак.
Капилеттен кол салбаса шылуундар,
Кайран Улан жаштар менен бир турмак.

Өмүр кыйып жолдон алып тазалап,
Анткени ал айып ачты жазалап.
Улан жалгыз адилеттүү жан эле,
Кыргыз үчүн жанын берген азамат.

Акыйкат деп алп урушуп чуркаган,
Айкөлдүгүн эл-жерине жумшаган.
Шамалдай бир алып учуп чындыкты,
Жүрөгүн курч от жалыны курчаган.

Бийик көрүп өзүнөн да калысты,
Колго кармап ата-журтка намысты.
Канчалаган ыплас ишти ачыктап,
Көрөгөчтүк менен туйган алысты.

Сен өлсөң да өлбөйт баскан жолдоруң,
Аз болсо да бакыт чыгар чордонуң.
Миң заманда бир жаралган жигитсиң,
Касиеттүү бабаң беле колдооруң.

Өз кесибин сендей сүйгөн адамдар,
Чыгат сөзсүз так адилет кадамдар.
Мен ишенем эртең үчүн мекенге,
Келечекти кура турган адам бар.

Улан Эгизбаев агабыз кыргыздын чыгаан уулу, чындык издеп чыркыраган, жүрөгүндө мекен үчүн күйүп-бышкан оту бар, патриот, намыскөй, адилеттүү атуулу эле. Бүгүнкү күндө анын кылган эмгегинен жаштар сабак алып, көптөгөн иштерди демилге көтөрүп иш жүзүнө ашырып жатканына жүрөгүм жылыйт. Ушул жылы Улан Эгизбаевдин 12-февраль туулган күнүнө карата уюштурулган "Ойлорум менин уйкашкан ырларда" аттуу поэзия конкурсуна катышып жогорудагы ырым менен 1-орунду алдым. Он миң сом акчалай сыйлык жана грамота менен сыйландым.

ӨЧПӨС ӨМҮР

Жаш чагынан өнөр жолун басканы,
Багындырып туу чокуну, асканы.
Сыймыктанып дайым көрүп жүрөбүз,
Эмгегинен, роль жараткан тасманы.

Көз кубантып көрккө бөлөп ачканын,
Таң калтырып өнөрүн тең чачканын.
Эл атады талантына баа берип,
Таттыбүбү - "Ханышасы" сахнанын.

Көрүүчүнү көңүл буруп караткан,
Фильмдерде мыкты ролдор жараткан.
Кыргыз кино тармагына салымын,
Кошуп кетти опол тоодой жаратман.

Ак Мөөр сулуу көргөн жандын түнөгү,
Назик, сымбат, от жалындуу жүрөгү.
Аны кыргыз жумурай-журт атаган,
Таттыбүбү - Соң-Көлүмдүн чүрөгү.

Өмүр өчпөйт тарых бетте жазуусу,
Улутунган улуу кыял арзуусу.
Аттиң арман кырчын курак жашынан,
Кетти назик Соң-Көлүнүн ак куусу.

Өтсө дагы көзү ушул дүйнөдөн,
Өлбөйт көлдүн айга учкан ак куусу.

АДАШТЫМ

Мен турмушту оңой көрүп жаңылдым,
Жыргалына, кууралына кабылдым.
Башкалардын сөздөрүнө ишенип,
Тетир басып жүрүшүмдөн чалындым.

Баарын бирдей көрүп чын-деп талаштым,
Жүрөгүмдү укпай, жатка жанаштым.
Жан дүйнөсү муздай тоңгон адамдан,
Жылуулукту издеймин деп адаштым.

Жарык депмин атып аткан ак таңым,
Байкабапмын күндү булут жапканын.
Айырмасын ак каранын аңдабай,
Кең дүйнөдө, өзүмө-өзүм батпадым.

Чечкинсиздик кыялыма жеткирбей,
Чиелешип, чече албай баштадым...

Менин үйүм мектептен алыс, жарым сааттык жол. Эртең менен мектепке барчу жолдо жана кечинде уктаар алдында эргүү келет. Көпчүлүк учурда бир ойдун сюжетин ичимден түзүп алып, ошону көздөп жазам. Мектептеги иш-чараларга, кимдир бирөөлөргө эргүү келген учурда дароо жазып берем. Менин жетекчим дайыма айтат: "Эргүү сага келбейт, эргүүнү күтпө, аны сен чакыр. Эргип оюңду топтоп, жан дилиң менен берилип жаз" деп. Мен улуу муундагы, билимдүү, көптү көрүп-билген адамдар менен баарлашып, алардын айткандарын элестетип, башынан аягына чейин ынтаа коюп укканды жактырам. Алар бир окуяны айтып берсе, анын натыйжасын чыгарып, тийгизген таасирин анализдеп, ойго салган учурда ыр жазууга киришем. Залкарлардын ырларын окуганды жакшы көрөм, өзгөчө Алыкул Осмонов, Омор Султанов, Элмирбек Иманалиев жана Бердибек Жамгырчиевдин ырларын сүйүп окуйм.

ӨМҮР

Эхх! Өмүр! Кубандырып күлдүрөсүн,
Кээде сен кайгы салып күйдүрөсүң.
Жүрөктөн жабыр тартып жалын чачып,
Баарына көз ирмемде үлгүрөсүң.

Эхх! Өмүр! Деңиздеги кайыктайсың,
Агылып кете берген жайыктайсың.
Көңүлдү көтөрүп да оорутуп да,
Кээ бирде ошол оору айыкпайсың.

Эхх! Өмүр! Асмандагы булуттайсың,
Кылымга эч нерсени курутпайсың.
Буулугуп көздөрүнөн жамгыр төксө,
Сен аны жан-дүйнөңөн унутпайсың.

Эхх! Өмүр! Толгон токой барактайсың,
Куурап да, пайда берген дарактайсың.
Тамырлап жашылданып өсө берчи,
Жакшылар сени менен канат жайсын.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан