Биз социалдык тармакта

Таластагы Боо-Терек айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Таластагы Боо-Терек айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, кечээ, 17-февралда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында жааган кар эрип, 17 үйдү суу каптаган. Суу каптоо коркунучу сакталып тургандыгына байланыштуу Бакай-Ата районунун Боо-Терек айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Ошондой эле Ынтымак айылынын тоо этегинде эриген кардын суусу үч турак жайдын короосун каптап кеткен.
Жеринде куткаруучулар иштеп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан