Биз социалдык тармакта

Өлкөдө жумушчулардын 4 пайызы гана эң жогорку маяна алышат

Кыргызстандыктардын 25 пайызы 13 миңден 22 миң сомго чейин айлык алышат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 2022-жылдын ноябрь айындагы маалыматка таянып билдирди.

Айлык акынын көлөмүн аныктоо үчүн Улуттук статком тарабынан жылына бир жолу менчигинин формасына карабай ири жана орто ишканалар иликтенет.

Маалыматка караганда, 20 миңге жакын адам же жалпы жумушчулардын 4 гана пайызы 66 миң сомдон ашык өлчөмдө эмгек акы алышкан. Бул эң жогорку көрсөткүч.

Ал эми 19 миңден ашуун адам (4 пайыз) 6 600 сомго чейинки өлчөмдө киреше көрүшкөн. Бул эң аз айлык эсептелет.

Жумушчулардын эң чоң үлүшү, тагыраагы, 25 пайызы 13 миңден 22 миң сомго чейинки айлык менен эмгектенишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aksy.1989
2023-02-19 11:56:00
Калган 67℅ канча эмгек акы алышат ошондо
0
Aijaw97
2023-02-19 12:58:00
Мен 5минге жетпеген 5мин айлык алам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан