АКШда Кыргыз жарандары "Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун" аталышында флешмоб өткөрүштү (фото)

АКШнын Чикаго шаарында Кыргыз жарандарынын арасында "Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун" флешмобу өттү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу жана Кыргыз коомчулук борбору "Kyrgyz Community Center" менен биргеликте АКШнын Чикаго шаарында турган Кыргыз жарандарынын арасында "Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун" деген темада флешмоб уюштурду.

Бул флешмоб "Манас эпосунун уламыштарын айтуу, кыргыз көчү, бешик ыры, кара жорго бийи, топ таш, чүкө оюндары жана башка кыргыз элинин ар түрдүү улуттук каада-салт, үрп-адат жана маданиятын көрсөтүү менен коштолду.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун 1999-жылдагы чечими менен 21-февраль - Эл аралык эне тил күнү болуп бекитилген. Министрлер кабинетинин чечими менен 2023-жылдын 21-январынан 21-февралына чейин Кыргызстанда "Эне тил күнүнө карата бир айлык" жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bosmos77777
2023-02-20 12:58:00
Тенирим Ак жалгасын! Аман болунуздар, Бар болунуздар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан