Ферганада кыргыз-өзбек делегациялары чек ара боюнча жолугушту

2023-жылдын 12-18-февралында Фергана шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун мындан ары бекитүүгө даярдашты, ошондой эле чек аранын айрым участокторун жер-жерлерде изилдөө Графиги макулдашылды.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду.

Кийинки жолугушуу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан