Бүгүн, 20-февралда Бишкектеги Горький сейил багына ККМ жана эсеп фактураларын колдонууга каршы болгон ишкерлер нааразычылык акциясына чыгышты.
Анда 50дөн ашуун адам чогулуп, колдоруна "Эсеп фактурага каршыбыз!", "ККМге каршыбыз!", "ЭТТКга каршыбыз!" деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Алар мындай системаларды жокко чыгарып, патентти калтырууну талап кылууда.
Салык саясатына нааразы болуп, митингге чыккан соодагерлер ККМ аппараттарын колдонбосо салыкчылар айып салып жатканына нааразы болууда. Алардын айрымдары өкмөттүн отставкасын талап кылып жатышат.