Бишкекте муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кайрымдуулук акциясы Бажы инфраструктурасы мамлекеттик ишканасынын колдоосу менен «Ачык жүрөк» фонду жана Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган.
Акциянын алкагында жакыр жана көп балалуу 20 үй-бүлөгө жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар 10 үй-бүлөгө керектүү буюмдар тапшырылды.
Ошондой эле бул акция үзгүлтүксүз уланары жазылат маалыматта.