Түркиядагы жер титирөө болгон аймактарда куткаруу иштерин жүргүзгөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары эртең, 21-февралда Кыргызстанга келишет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар отурган учак эртең, 21-февралда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 02:30да жана эртең менен 09:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна конот.
Министрлик куткаруучуларды тосуп алуу иш-чарасы уюштуруларын билдирди.
Белгилей кетсек, Түркияга Кыргызстандан куткаруучулардын алгачкы тобу 7-февраль күнү жөнөп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча кыргыз куткаруучулары урандылардын алдынан 12 жаранды тирүү алып чыгышкан.