Эртең, 21-февралда Бишкектеги Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо конуштарында ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкек суу канал" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-февраль күнү турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү району:
• Мурас-Ордо конушу саат 9.00дөн 17:00 гө чейин.
• Калыс- Ордо конушу саат 9.00дөн 15:00 гө чейин.
Ичүүчү суу Мурас-Ордо, Калыс-Ордо суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт .
«Бишкек суу канал» башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.