"Аягына чейин отурган". Акаев Атамбаевдин айткандарын четке какты

Бүгүн, 20-февралда “Азаттык” медиасы Кыргызстандын алты президентинин Дубайдагы жолугушуусунун чоо-жайы тууралуу качкын президент Аскар Акаев менен курган маегин жарыялады.

Анда Акаев жолугушуу боюнча кенен маек берип, Дубайдагы жолугушуу бардыгы үчүн күтүүсүз болгонун билдирген. Ошондой эле ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жолугушуу боюнча айткандарын төгүндөгөн.

Төмөндө Азаттыктын маегинен үзүндү өзгөртүүсүз берилди:

- Сиз бардык президенттер колдоду деп айтып кетпедиңизби. Жолугушуудан көп өтпөй мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экс-президенттер чогулганы тууралуу алдын ала кабары болбогонун, аны "президент Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушуу болот" деп чакырышканын, жолугушуу аягында эч ким менен коштошпой чыгып кеткенин билдирүүдө. Ушундай жагдай болдубу? Сиз дагы Дубайда алты президент жолуга турганын алдын ала билген эмес белеңиз? Күтүүсүз болдубу?

- Бардыгыбыз үчүн эле күтүүсүз болду. Мени да президент өзү эле “жолугушуп, акылдаша турган маселелер бар” деп чакырды. Бирок мен бир-эки күн мурун “Атамбаев Испанияга дарыланууга барат экен, Дубай аркылуу учуп чыкты” деп окуп калдым. Ошол кезде менин колумда да Дубайга билет, виза бар эле. Анан “президенттерди чогултуп жатышкан го” деген ой кетти.

Жакшы кабыл алдым. Кыргызда бул өзү ата-бабадан калган жакшы көрүнүш да. Президентибиз өзү бийик көтөрүп, чогултуп жатса барыш керек. “Ушундай чогулуш болот го” деген оюма кетти. Бирок эч кандай таасир-ой жаралган жок. Бардык. Колдодук. Менимче, бул тарыхый окуя болду.

- Президенттердин баары эле колдоду деп айтууга болобу?

- Бардыгы колдоду. Мен аны таптак, жоопкерчилик менен айта алам. Бардыгы аягына чейин отуруп, татынакай тамак-ашын ичип, бардыгы Садыр Жапаровдун демилгесин колдоп беришти.

- Сураганымдын себеби, Атамбаев жолугушуудан эрте чыгып кеттим деп айтып жатпайбы?

- Бардык президент, ошонун ичинде Атамбаев эң акырына чейин отуруп, ар бири өзүнүн сөзүндө Садыр Жапаровдун демилгесин колдоп, бардыгы “элибиздин ынтымакта, биримдикте, стабилдүүлүктө келечекке жакшы саамалыктарды жаратканга эки колубуз менен даярбыз” деп колдоп берген.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров 18-февралда мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековду чогултуп бир столго отургузганын айткан. Жолугушуу белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өткөнүн билдирген.

Анын эртеси мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жолугушуу боюнча билдирүү жасаган. Ал жолугушуу болгонун ырастап, бирок жолугушуунун аягында эч ким менен коштошпой, англисче чыгып кетүүгө аргасыз болгон жагдай түзүлгөнүн жана келечекте зарылчылык жаралса, майда-чүйдөсүнө чейин айтып берерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан