Камчыбек Ташиев Атамбаевдин эркиндикке чыкканы боюнча пикирин билдирди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун мурдагы президенттер менен жолугушуусу жана “Регнум” порталында жарыяланган макала боюнча комментарий берди.

Атайын кызматтын башчысы президент Жапаровдун бул кадамын толугу менен колдой турганын жана ал убакыттын өтүшү менен туура бааланарына ишенерин билдирген.

"Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыкты, мен сот органдарынын бул чечимин кубаттайм. Ага ден соолук каалайм, үй-бүлөсү, жакындарынын жанында болсун эми.

Кээ бир адамдар ушунун баарын Камчыбек Ташиев демилгелеп чыкканын айтып чыгышты. Менин Испанияда жерим, үйүм бар экенин, Атамбаев менен биригип, сүйлөшүп алып жатканымды жазып чыгышты. Далил катары Атамбаевдин Испанияга барып дарыланаарын бетке кармашат. Мындай версияны орусиялык “Регнум” порталы да айтып чыкты. Мунун баары, албетте, суу кечпеген нерсе, калп. Менин же бир туугандарымдын Испанияда үйүбүз же кандайдыр бир кыймылсыз мүлкүбүз жок. Дегеле, башка чет мамлекеттин биринде да менин мүлкүм жок, болгон да эмес.

Бул жерде бир гана маалымат туура – менин уулум Испанияда жашайт. Азыр ал 17 жашта. 8 жашынан бери футбол менен жакындан алектенет: Перуджада атактуу “Паоло Росси” футбол академиясында, андан кийин Валенсиядагы “Леванте” клубунун академиясында окуган. Азыр эки жылдан бери “Барселонанын” жаштар командасында ойноп жатат. Уулум профессионал футболчу, жанында апасы менен карындашы жүрөт. Ал 18 жашка толо элек болгондуктан жанында үй-бүлөсүнөн улуураак адамдар сөзсүз болушу кажет экен, бул команданын талабы. Бул ийгилик дагы жөн келген жок, уулум көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөздү, жаракат алган учурлар болду – азыркы футбол дүйнөсү ошондой экен.

2018-жылы уулум “Спартак” (Москва) командасынын академиясында да кароодон ийгиликтүү өткөн, бирок клуб кыргыз атуулдугунан баш тартуу талабын койгондуктан, карьерасын ал жактан улантпады. Ошондуктан Европага кетүүгө аргасыз болдук, андан бери мына беш жылдын жүзү болду. Мен уулумдун аракети текке кетпешине, каякта жүрбөсүн өзүнүн өлкөсү үчүн намыс талашаарына ишенем", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан