Эртең, 23-февралда өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында жазылат.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +11 … +16,
Талас облусунда түнкүсүн -1 … +4, күндүз +10 … +15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1 … +6, күндүз +14 … +19,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3 … +2, күндүз +7 … +12,
Нарын облусунда түнкүсүн -11 … -16, күндүз 0 … +5,
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2 … +4, күндүз +14 … +16 градус болот.