Ош мэриясы: "Мектептерде акча чогултууга тыюу салынат"

Ош шаарында мектептерде ар кандай шылтоо менен акча чогултуу маселелерин талкуулаган жыйын өттү. Ага шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, билим берүү башкармалыгы жана мектеп директорлору катышты.

Анда акыркы учурларда интернетте талкуу жарткан мектеп директорунун туулган күнүнө карата акча чогултуу, билим берүү башкармалыгынын бухгалтериясында акчаны кымырып алуу сыяктуу окуялардын орун алуусу жана мектептерде ар кандай шылтоо менен акча каражаттарын топтоо маселелери каралды.

ыйында укук коргоо органдарынын өкүлдөрү мыйзамдуулуктун сакталуусу, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча мугалимдерге так жана туура маалымат жеткирүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү эскертилди.

Эгерде аталган маселелер боюнча фактылар катталып же кимдир бирөөнүн тиешеси бар экени аныкталса мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрүн айтышты", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

Мындан тышкары билим берүүнүн сапаттын жогорулатуу жана өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond0202
2023-02-22 18:16:00
Упматтуу с инфо.сайтты мурдагыдай эле жонокой кылгылачы коментариден коркуп атсанар жаап койгулп.светной кылып кашасын чыгардынарго
0
Каныш
2023-02-23 07:11:00
Мектептерге акча чогултулат жылда эле мектептин бул жерин оңдоо керек, мектепке бир нерсе алуу керек деп эле акча чогултуу улана берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан