Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти табылгалар бюросун уюштурган. Анда коомдук транспорттон буюмдарын жоготкон же тапкан шаардыктар кайрыла алат.
"Эгерде сиз коомдук транспортто бир нерсени жоготуп же таап алсаңыз, анда азыр шаар боюнча тигил же бул маршрутту издөөнүн кажети жок, төмөндө көрсөтүлгөн телефон номерлери боюнча кайрылып, арыз калтыруу жетиштүү болот. Бул издөөнү бир топ жеңилдетет", - деп айтылат маалыматта.
Мекемеден маалымдашкандай, арызда унутулган, табылган буюмду деталдуу сүрөттөп, маршруттун номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү керек.
Кайрылууларды төмөнкү дарекке: 7-апрель көчөсү 4а же болбосо төмөнкү Whatsapp-номерлерге кайрылса болот:
0 (502) 20 52 02 – кичи автобустарда;
0 (990) 30 60 76 - троллейбустарда;
0 (700) 46 56 60 - автобустарда.