Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрин кабыл алды

Бүгүн, 22-февралда президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда мамлекет башчыга ӨКМ куткаруучулары тарабынан Түркияда жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштери тууралуу маалымат берилди.

Министр Кыргызстандан барган куткаруучулар урандылардын астынан 8 адамды, анын ичинде жаш балдарды сактап калууга, 198 адамдын сөөгүн алып чыгууга жетишкендигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров куткаруучуларга Түркиядагы ири кыйроолорго алып келген жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, алардын иш-аракеттерин “профессионалдуу, жакшы уюшкан жана натыйжалуу” деп атады.

Мамлекет башчы министр Бообек Ажикеевге Түркиядагы издөө-куткаруу иштеринде өзгөчөлөнгөн куткаруучуларды сыйлоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Бул башкаларга да стимул болорун, алар мындан да мыкты иштеп, өз кесибинде өсүүгө умтула турганын баса белгиледи.

Мындан тышкары, Жапаров өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жаз-жай мезгилине мүнөздүү табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөтүү керектигине токтолду.

Белгилей кетсек, ӨКМ тарыхында биринчи жолу кыргызстандык куткаруучулар өлкөдөн сырткары куткаруу миссиясы менен чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан