Өлкөдөгү акы төлөнүүчү жолдордун тизмеси жарыяланды

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөдөгү акы төлөнүүчү жолдордун тизмесин жарыялады. Бул тууралуу маалымат министрликтин социалдык тармактагы баракчасында жайгашты.

Маалыматка ылайык, стратегиялык маанилүү коридорлор гана акы төлөнүүчү болот.

Акы төлөнүүчү жолдордун тизмеси:

  • Бишкек-Нарын-Торугарт;
  • Ош-Сарыташ-Эркечтам;
  • Ош-Сарыташ-Карамык;
  • Эркечтам-Сарыташ-Карамык.

"Акы төлөнүүчү жолдор инновация эмес, ал тургай көзгө көрүнгөн келечек да эмес, бул реалдуу чындык. Анткени бардык магистралдар үчүн жыйым алынбайт, стратегиялык маанилүү коридорлор гана акы төлөнүүчү болот.

Бул калктын жашоосуна анчалык деле таасирин тийгизбейт, анткени салыктын өлчөмү орто статистикалык кыргызстандык жарандын минималдуу эмгек акысынан гана каралган.

Мисал катары айтсак, акы төлөнүүчү унаа магистралдары 30дан ашуун өлкөдө бар", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Европа өлкөлөрүнүн ичинен акы төлөнүүчү жолдордун алдынкы тутумдарынын бири Францияда. Анда трассалар боюнча жүрүү акысы жолдун узундугуна жараша 17ден 39 еврого чейин барары маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
XATSAN125
2023-02-22 17:43:00
Ошол акы тологон олколорго окшоп бир полосага жок дегенде 3 машина кенири бата турган туптуз асфальт разметкалар линияларды жасагыла анан алгыла корунгон жери жамалган тамтыгы чыккан 2 машине аран баткан жолдун эмнесине акы алмакчы болуп жатасынар
+1
XATSAN125
2023-02-22 17:44:00
башка олколордо бар деп чычып богубузду жецлиби аларда болсо жолдору талапка жооп берет бизде кайсы жол жооп берет тузугуроок линия чийгени жарабайсынар
+1
XATSAN125
2023-02-22 17:46:00
Ош-Бишкек жолу 650 км болсо 65 жол белгиси жок болсо керек.Перевалда кооптуу бурулуштар толтура бир знак жок болсо дагы эскилиги жетип окулбай калган анан акы толонгон жол деп чыгасынар акы толонгон жолдорду коруп келгиле биринчи башка олколордон
+1
Asmat84
2023-02-22 19:06:00
З б кылышты ушулар. Бир нерсе болсо эле өнүккөн өлкөлөрдө деп чыгышат ошол өнүккөн өлкөлөрдүн ө тамгасына жете албай атып эле мисал келтиресиңер.
+1
XATSAN125
2023-02-22 21:35:00
Тукурук окмот андан кийин чалдар окмот эми Салык окмот болуп калдынар силер.Салык салбаган аба эле калды окшойт кывыр эткендин баарына салык сала берип.Бул кетиште аялыбыз менен жатканыбыз учун салык толойбуз
0
islan_85
2023-02-23 09:48:00
XATSAN125 Аялыбыз чекти көргөз анан деп турса а
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан