Жалал-Абадда Ата мекенди коргоочулар күнү белгиленди (фото)

Бүгүн, 22-февралда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында Ата Мекенди коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Бул туурасында шаардык мэриянын маалымат борборунан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, саамалыкка президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, ардагерлер жана шаар тургундары катышты.

Салтанаттуу иш-чарада калаа башчысы Эрнисбек Ормоков Ата Мекенди коргоочуларды майрамы менен куттуктап, күч түзүмдөрүндө эмгектенген бир катар кызматкерлерге Ардак грамоталарды жана алкыш барактарды тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан