Кыргызстандагы эркектер өлкөдөгү калктын жалпы санынын 49,6 пайызын түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
2022-жылдын башында республикадагы эркектердин саны 3,3 миллионго жеткен (2022-жылдагы эл каттоонун маалыматтарын кошпогондо).
- Республикадагы эркектердин үчтөн экисин айыл жерлеринде жашаган эркектер түзөт.
- Ар бир алтынчы эркек Бишкек шаарында жашайт.
- Эркектер бардык ишмердик чөйрөсүндө эмгектенишет.
- Эмгекке жарамдуу жаш курактагы эркектердин иш менен камсыз болуусунун деңгээли жетишээрлик жогору жана 76 пайызды түзөт.
- Иштеген эркектердин орточо жаш курагы 37 жаш.
Өлкөнүн экономикасында эмгектенген ар бир алтынчы эркектин жаш курагы 25-29 жашты түзөт.
"Курулуш, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), пайдалуу кендерди казуу сыяктуу ишмердиктин түрлөрү “эркектер” гана эмгектенген иштер болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.
- 2021-жылы 51 миңге жакын эркек никеге турган.
- Эркектер 20-29 жашта үй-бүлөө курууга басым жасашат. Мында 45,7 миң эркек биринчи жолу үй-бүлө курган.
- Никеге турган ар бир экинчи эркек 25-29 жашта, ал эми ар бир үчүнчү эркек 20-24 жашта болгон.
2021-жылы биринчи жолу никеге турган эркектердин орточо жаш курагы 27,3 жашты, ал эми кайрадан никеге турган эркектердин жаш курагы 39,3 жашты түзгөн.