"Чокудай бол, кыргызымдын жигиттери". Арт-терапия борборун ачкан 23 жаштагы ишкерлер менен маек

Бишкек шаарындагы “Чопо арт” студиясынын иштеп баштаганына 4 айдын жүзү болду. Аны 23 жаштагы жакын достор Эржан Эмилбаев менен Эрмек Алтымышбаев ачкан. Студияны ачуу менен жаш ишкерлер өлкөдө арт-терапияны жандантуу максатын көздөшкөн. Ачылганына аз убакыт болгонуна карабай, борбор өз кардарларын таба баштады. Кыргыз улуттук колоритин өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан жаш ишкерлер менен маек курдук.

Бул студияны ачуу идеясы кайдан келди эле?

Эржан: "Чопо арт" студияны ачуу идеясы Түркияда жүргөн кезде пайда болгон. Интернеттен эле буга байланыштуу түрдүү маалыматтарды көрүп, кызыгып баштадым. Мындай студиялар биздин өлкөдө дээрлик жокко эсе экен. Бирок коңшу өлкөлөрдө бул тармакта жакшы өнүккөн. Бизге окшоп, колуна ылай кармап, өз колу менен чопо жасоого кызыккан жарандар болсо керек деген ойдо студияны ачууну туура көрдүк. Дагы бир себеби “арт терапия” деген термин чыкты. Арт-көркөм өнөр, искусство дегенди тушүндүрсө, терапия-дарылоо, айыктыруу. Арт терапия-көркөм дарылоо болуп саналат. Өзгөчө соңку убакта бул студия жарандарга абдан керек деп ойлойм. Анткени жок дегенде бир саат убакыт таап, биздин студияга келип, эс алып, мээсин сергитип кетсе болот.

Эрмек: - Эржан экөөбүз тең башка тармактын өкүлдөрү болгондуктан студияны ачуудан мурда бир жылдай ойлондук. Калк арасында суроо-талап барбы деп анализ жасадык. Пландоо, изденүү иштерин толук жасагандан кийин гана бул борборду ачтык. Студияны ачып жатканда атайын мастердин кереги жок деп ойлогонбуз. Ар бир келген жаран өзү эле жасай берет деп. Бирок бул жакка келгендер жасай албай коюшту. Мындан улам мастерлерди да тарттык. Бирок убакттын өтүшү менен өзүбүз да өздөштүрүп, азыр келген конокторго үйрөтүп жатабыз. Биздин жөндөмгө туура келди окшойт, бат эле колго алып кеттик.

Силердин студия эл оозуна бат алынып кетти. Башында ачып жатканда кандай сезимдер болду эле? Элдин ушундай жакшы кабыл ала турганын билдиңер беле?

Эржан: Студия 26-ноябрь күнү ачылды. Бирок 10 күн бою бир да адам келген жок. Бул аралыкта туура эмес багытты тандап алган жокпузбу деп аябай ойлондук. Анткени жакшы каражат жумшалган болчу. Анан жарнамага басым жасап баштадык. Мындагы ар бир кызматты экөөбүз эле жасайбыз. СММ мастерден баштап, СММ, мобилограф, тазалык кызматкеринин милдетине чейин өзүбүз аткарабыз. Ошол эле учурда биздин студияга келген ар бир кардарга өзгөчө мамиле жасаганга, көңүлүн тапканга болгон аракетибизди жасайбыз. Келген ар бир кардардын сүрөтүн, видеосун тартып беребиз. Келген коноктор бизди социалдык тармактар аркылуу жарнамалап баштады.

Эрмек: Экөөбүз тең буга чейин деле эл менен тыгыз иштеген кызматтарда эмгектенгенбиз. Чет өлкөдө да иштедик. Досум болсо туризм тармагында билим алат. Муну эмнеге айтып жатам. Биз өлкөдө кардарды тейлөөнүн мыкты сапатын да көрсөткүбүз келет. Эржандын ар бир келген конокко өзүнчө мамиле дегени да мына ушундан.

Силердин студиянын пайдасы тууралуу сүйлөшөлү. Бул жакка келген жаран эмне ала алат?

Эрмек: Бул нерсени жасап жатканда, адам бүт ойлорун топтоп, көңүлүн чопого буруш керек. Эгерде көңүл буруп жасабаса, анда жасаган чопосу окшошпой калат же такыр эле жасай албайт. Жасап жатканда милдеттүү түрдө мындан башка нерсенин баарын унутуу керек. Кол менен бутка да абдан пайдалуу экенин айткып кетким келет. Анткени ар чопону жасап жатканда адам дайыма кыймылда болуп турат.

Эржан: Мында келген адам кайгы-капасын унутуп, жан дүйнөсүн тынчтандырып, ойлорун топтоп, жакшы эс алып кетет. Негизи арт-терапиянын пайдасы көп, аны дарыгерлер да баса белгилеп айтып келишет. Арт-терапия Казакстан менен Өзбекстанда жакшы өнүккөн. Бирок бизде да кызыккандар бар экенин байкап жатабыз.

Студияны ачууда силерге ким көмөк көрсөттү? Аны ачууда көп акча керектелген да...?

Эржан: Буга чейин 3 ирет студияны ачабыз деп даярданып, каражаттын жетпегенинен токтоп калган. Бирок ага сынган жокпуз. Анткени бизде максат бар болчу. Бүгүн болбосо, бир айдан кийин же бир жылдан кийин болсо да баарыбир ачабыз деген ой болду. Максатка өзүң ишенсең, башкаларды ишендирүү оңой болот экен. Каражат жагынан ата-энебиз, бир туугандар жана жакындар жардам кылышты.

Алдыдагы максаттар тууралуу айтып берсеңер?

Эрмек: Чопочулук, карапачылык биздин тарыхыбызда бар нерсе. Тарых музейин чоподон жасалган буюмдар абдан көп. Демек бул биздин тарыхыбыз жана маданиятыбыз. Бир гана бизнес менен алек болбой, карапачылыкты өнүктүрүп, жайылтсак деген максатыбыз бар. Буюрса Бишкектеги студияны системага салып алган соң, башка облустарга да жайылталы деп турабыз.

Өзүңөр курактагы жаштарга кандай кеңеш айтат элеңер?

Эржан: Жашоодо максат болсо жашаган оңойураак. Бирок кыялданып гана койгон болбойт. Максат болгондон кийин сөзсүз план болуш керек. Качан ишке ашырам кантип деген сыяктууларга жооп таап план түзүү керек. Аны кагаз жүзүндө тушүрүп, пункттар менен жызып чыгуу керек. Максат так жана даана болгондон кийин ага карай токтобой кадам таштоо керек.

Эрмек: Жашоодо маанилүү суроолор бар. Ошолорго жооп издеп жашасаң, жашоо кызыктуу болот. Эң маанилүү суроолордун бири адам эмнеге бул дүйнөгө келгенин билиши керек. Максат болсо аны ишке ашыруу жолдору оңой эле ачыла берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sajakat14
2023-02-25 05:27:00
Жакшы жанылык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан