Бүгүн, 23-февраль мекенди коргоочулар күнүнө карата Бишкекте өткөн иш-чарага УКМК башчысы Камчыбек Ташиев балдакчан келди.
Ташиев кызмат учурунда курман болгон аскер кызматкерлерин эскерип, алардын ата-энелерине жана жесирлерине Ардак грамоталарды тапшырды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси иш-чарага балдак менен келгени көпчүлүктүн көңүлүн бурду.