SUPER.KG порталынын маек төрүндө Түркиядагы жер титирөөдө көмөк көрсөтүп келген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Бабуржан Маматсаит уулу жана Ислам Урматбек уулу болду.
Бабуржан Маматсаит уулу - Бишкек шаарынын Ленин райондук өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүмүнүн ефрейтору кызматын аркалайт. Аталган кызматта иштеп жатканына 1 жыл болду.
Ислам Урматбек уулу - Бишкек шаарынын Ленин райондук өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн лейтенанты. Ал аталган кызматты 6 жылдан бери аркалап келет.
Куткаруучулар Түркиядагы табият кырсыгы орун алган шаарлардагы издөө-куткаруу иштерин жүргүзгөн күндөрүн эстеп, окуялар менен бөлүштү.
"11-февралда кечке маал 7 жаштагы баланы аман-эсен куткарып алдык. Аны алып чыкканда тегеректе курчаган адамдар кол чаап, биз дагы бири-бирибизди куттуктап сүйүндүк. Тилекке каршы, анын апасы жана 12 жаштагы агасынын сөөгүн алып чыктык", - деди Ислам Урматбек уулу.
Ошондой эле ал Антакья шаарында 290 сааттан кийин 3 адамды аман куткарып калган күндү эстеди.
"Антакьяда бизге бөлүнгөн объектте иштеп жатканда түрк жараны тарабынан ал турак жайда жакын тууганым болушу мүмкүн деген билдирүү түшкөн. Ал жерде экскаватордун жардамы менен издөө-куткаруу иштерин баштадык. Эртеси биздин куткаруучу экскаватордун үстүндө көзөмөл кылып иштеп жаткан. Бир учурда ал Куран китепти көрүп калып, ишти токтотту. Ал жерде китепти алайын деп эңкейгенде эркек кишинин үнүн угуп калыптыр. Анан бизге маалымат берди. Ал жерден атасы, апасы жана кичинекей баласын аман куткарып алдык. Анын артынан 16 жаштагы кызынын жана 13-14 жаштардагы баласынын сөөгүн алып чыктык", - деди ал.
Маекти толугу менен SUPER.KG ютуб каналынан көрүңүз.
Эске салсак, Түркияга Кыргызстандан 67 куткаруучулардын турган алгачкы топ 7-февраль күнү жөнөп кеткен. 12-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 80 куткаруучусу, үч дарыгер жана үч жумушчу жөнөтүлгөн.
Кыргызстандан барган куткаруучулар урандылардын астынан 8 адамды, анын ичинде жаш балдарды сактап калууга, 198 адамдын сөөгүн алып чыгууга жетишкен.