Бүгүн, 23-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын «Альфа» атайын кызматында болуп, жалпы өздүк курамды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу атайын кызмат маалымат таратты.
Белгилүү болгондой, анда УКМК башчысы бөлүктүн карамагына жаңыдан алынган куралдар менен да таанышып, жабдыктарды жана куралдардын күжүрмөн даярдыгын текшерди.
Мындан тышкары, УКМКнын төрагасы бөлүктүн алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.