Борбор калаанын Биринчи Май районунда, тактап айтканда, Тыныстанов көчөсүнө Жибек-Жолу проспектисинен Иваницин көчөсүнө чейин 50 түп кайың көчөтү отургузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Ошондой эле жашылдандыруучулар Тынчтык проспектисинде мурда башталган ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузууну улантышты. Бүгүнкү күндө дагы 37 жаш арча отургузулду.
Белгилей кетсек, буга чейин шаардын Октябрь районуна 44 түп кайың отургузулган.
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы тарабынан өткөн жумада 380 даана көчөт отургузулду.