Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 24-февралга карата 8 миллиард 282 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Маалым болгондой, суу сактагычка суунун агып кириши секундасына 162 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 502 куб метрге жетүүдө.