Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бардык бөлүмдөрү келе жаткан дем алыш күндөрү кадимки режимде иштешет. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, транспорт каражаттарын каттоого же кайра каттоого алууну каалаган жарандардын агымынын көптүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга ыңгайлуу болушу үчүн 2023-жылдын 25-февралында (ишемби күнү) «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бардык каттоо бөлүмдөрү жана секторлору кадимки режимде иштейт.
Иштөө убактысы 8.30дан 17.30га чейин, түшкү тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин.
Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын 25-26-февралында Батыш бөлүмү, Бишкек ш., Б.Алыкулов көч. 3/10 («2 Прораба» соода борбору) жана аймактар аралык бөлүмү Военно-Антоновка, «Риом-авто» автобазары (8.30дан 17.30га чейин иштейт, түшкү тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин).
Бишкек шаардык башкармалыгы, Бишкек ш., Ч.Валиханов көч., 2 («Аю Гранд» соода борбору) 2023-жылдын 26-февралында (жекшемби күнү) адаттагыдай эле саат 8.30дан 17.30га чейин иштейт, түшкү тыныгуу саат 12.00дөн 13.00гө чейин.