Орусиянын жогорку окуу жайларында федералдык бюджеттин эсебинен окуу үчүн документтерди кабыл алуу 20-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги берген маалыматта жазылат.
Белгилүү болгондой, документтер расмий сайт аркылуу гана кабыл алынат.
Консультациялардын жүгүртмөсү (расписание), көргөзмөлөр жөнүндө маалымат, Орусиянын ЖОЖдору өткөргөн олимпиадалар жөнүндө кулактандыруулар өкүлчүлүктүн социалдык тармактарында жайгаштырылган.
Эске салсак, Орусиянын ЖОЖдоруна тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу 2022-жылдын декабрь айында башталган болчу.