Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, Мамбетакунов аталган кызматка 2022-жылдын октябрь айында дайындалган.