Бүгүн, 24-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмад Аль-Сулайтини кабыл алды.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду чыңдоо, жакынкы арада жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пикир алмашты. Ошондой эле сапарлардын алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана эки тараптуу документтерге кол коюу маселелерин талкуулашты.
Министр Кулубаев саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты арттырууга негиз боло турган укуктук келишим базаны бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Мындан тышкары Кыргызстандын аймагында ишке ашыруу пландалган социалдык жана гуманитардык долбоорлорду тездетүү зарылдыгын белгиледи.
ТИМ берген маалыматка ылайык, жолугушуунун соңунда тараптар сүйлөшүүдө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүнү жана дайым байланышта болууну макулдашышты.