28-февралда Ак-Босого конушунда убактылуу таза суу берилбейт. Бул тууралуу калаа бийлиги маалымат таратты.
Аталган конушта суу саат 9:00дөн 20:00гө чейин өчүрүлөт. Бул «Ак босого-1», «Ак босого-2» суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу экени маалымдалды.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.