Дүйнөлүк Куран жарышта кыргызстандык Мухаммадяр Курбанбеков экинчи орунду камсыздады. Бул тууралуу муфтияттын сайтына жарыяланды.
Маалым болгондой, дүйнөлүк Куран жарышы Иранда өтүп, ага 80 өлкөдөн карылар (Куран жаттагандар) катышкан. Конкурстун алгачкы туру онлайн суроолордон түзүлүп, финалга 33 өлкө өткөн.
"Финал 18-февралдан 22-фералга чейин Тегеран шаарында өтүп, жыйынтыктоо аземине Ирандын президенти Аятулла Саййид Ибрахим Раиси катышты. Дүйнөлүк Куран жарышта кыргызстандык Мухаммадяр кары Курбанбеков экинчи орунду камсыздады", - деп айтылат маалыматта.
Дүйнөлүк жарышта биринчи орунду ирандык Мухаммад Жавад алса, экинчини кыргызстандык Мухаммадяр Курбанбеков, үчүнчүнү Ливан өлкөсүнүн катышуучу Исмаил Хамдан ээлеген.
Белгилей өтсөк, Курбанбеков учурда Бишкек шаарындагы Ак-Мечит шаарынын имам-хатиби, «Куран ордо» диний уюмунун директору.