Жапаров тышкы карызды график боюнча төлөгөн туура болорун айтты. Себеби

Бүгүн, 25-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун "Кабар" улуттук агенттигине берген маеги жарыяланды.

Анда журналист "Балбак мырза сырткы карызды азыр төлөп койсо болот деп чыкты. Чын эле азыр төлөп салсаңар болобу? Болсо эмне үчүн төлөбөй жатасыңар?" деп суроо салды.

Жапаровдун айтымында, сырткы карызды график боюнча төлөгөн туура болот.

"Ооба, азыр төлөп койсок да болот. Бирок келишим боюнча мөөнөтүнөн эрте төксөк үстөгү көбөйүп кетет. Келишимде эгер мөөнөтүнөн мурда төгөбүз десеңер анда үстөгүн 2 пайыз эмес, баланча пайыз менен төгөсүңөр деп көрсөтүлгөн.

Ошол үчүн сырткы карызды график боюнча эле төлөгөн туура болот. Кудайга шүгүр. Карыздарыбыздын баарын өз убагында график менен төлөп берүүгө кудуретибиз жетет. Эң негизгиси бөөдө кырсыктан сактап, өлкөбүздө тынчтык болуп турса болду", - деп жооп берген Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
u02u02
2023-02-25 16:52:00
Анда эмнеге кайра карыз алып жатышат тушунбойм...
0
aksy.1989
2023-02-25 21:05:00
u02u02 толоп туруш керек убагында
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан