Эртең, 26-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Ысык-Көл облустарынын аймактарында түнкүсүн жаан жаап, карга айланышы күтүлөт, ал эми күндүзү күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2 … -7, күндүз +2 … +7,
Талас облусунда түнкүсүн -3 … -8, күндүз +2 … +7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3 … +2, күндүз +6 … +11,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2 … -7, күндүз +2 … +7,
Нарын облусунда түнкүсүн -13 … -18, күндүз -2 … -7,
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаайт. Күндүзү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2 … -4 , күндүз +4 … +6 градус болот.