"Суукка карабай". Чүйдөгү лыжа базаларынын биринде кайрымдуулук фестивалы өттү

Бүгүн, 25-февраль “Mounty Норус” лыжа базасында жыл сайын өтүүчү салттуу “Кыргызстан - кышкы эс алуунун жана тоо лыжа туризминин өлкөсү – 2023” XIV кайрымдуулук фестивалы болуп өттү.


Фестивалда алгач маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Самат Шатманов сөз сүйлөп, келген конокторго жагымдуу маанай каалады. Ал өз сөзүндө туризм тармагында бир катар өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын белгилеп, өлкөгө келген туристтердин саны арбын болуп жатканын айтты.

Быйыл 50дөн ашык инструкторлорду долбоордун негизинде атайын үйрөтүп, окутуучулук процесстин үстүндө иштеп жатабыз. Кыргызстан лыжа тебүүгө мүмкүндүк берген кооз жана уникалдуу өлкө. Бүгүнкү күндө мамлекет тараптан жана туризм тармагында жүргөн адистер менен биргеликте аткарылган иш-аракеттердин жакшы жыйынтыгын көрүп жатабыз.

Акыркы жылдары лыжа тебүүгө кызыккандардын саны арбыды. Туристтердин саны да 2-3 эсеге көбөйдү десем жаңылышпайм”,- деди ал.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов кайрымдуулук фестивалды биргеликте уюштурган өнөктөштөргө жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, бардык жарандарды спорттун бул түрү менен алектенүүгө чакырды.

“Тоо лыжасы биз үчүн өтө маанилүү спорт. Биздин спортчуларыбыз келечекте Норвегия, Финландия, Швейцария, Австриядан кем калбай, дүйнөлүк олимпиадаларга катышып, биринчиликтерди багындырышы керек.

Кышкы туризмди, кышкы спортторду өнүктүрөбүз десек, шарттарды талапка жооп бере албайт. Бир эле жылда өнүгүп кетчү нерсе эмес. Бул үчүн 20-30 жылдай керек. Жетекчиликтин тапшырмасы менен “Норус” тоо лыжа базасына инвестицияларды тартып, трассаларды өнүктүрүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эмки кышка чейин бул пландар аткарылат деп ишенебиз”, - деди Байсалов.

Иш-чаранын жүрүшүндө бий флешмобу жана ырчылардын концерти уюштурулуп, “Элим барсыңбы?” жана “Колдон колго” кайрымдуулук уюмдарынын муктаждыктарына каражат чогултуу үчүн фестивалдын катышуучуларынын арасында кайрымдуулук байгелүү билеттер ойнотулду.

Белгилей кетсек, "Норус" лыжа базасы Аламүдүн капчыгайында дениз денгээлинен 1980 метр бийиктикте жайгашкан.

Анын негизги артыкчылыгы - Бишкек шаарына жакындыгы, борбордон болгону 35 чакырым алыстыкта, жолдо жүрүү болжолдуу 40 мүнөттү алат.

Лыжа трассаларынын бийиктигинин айырмасы 250- 300 метр. Бул лыжа жана сноуборд тебүү үчүн, ошондой эле спортчуларды даярдоо үчүн уникалдуу аянтча.

Кайрымдуулук фестивалы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан