Ош облусундагы 7 акимге кызматтык унаалар берилди (фото)

Бүгүн, 25-февралда Ош шаарынын борбордук аянтында Ош облусундагы 7 райондун акимдерине кызматтык унаалар берилди. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, унаалардын ачкычын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Болотбек Узакбаев жана президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов тапшырды.

Эске салсак, президенттин иш башкармалыгы тарабынан район жана алыскы аймактар үчүн чет элдик Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү 90 унаа сатылып алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuban-1207
2023-02-25 18:50:00
Бул жегич акимдерге ат эле бериш керек болчу
+1
Azat-123
2023-02-25 19:35:00
Өзбекстандын сапаты жок унаалары
+1
Lev79
2023-02-25 19:56:00
Кемпир абадтын ордуна белеке бердиби Өзбекистан
-1
-Aybek18
2023-02-25 23:07:00
Кабинетинен чыкпай олтурган чиновниктерге машинанын эмне кереги бар? Үйүнөн жумушуга барып келиш үчүнбү? Мен мисалыга биздин райондун акимин көргөн эмесмин анткени эл аралап иштеген эмес, кабинеттинен чыгышпайт да анда машынанын аларга эмне кереги бар, пусть ат берсин көчөдөн кетип баратканын көрүп калат белек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан