Бишкекте мыйзамсыз орнотулган 250 көрнөк-жарнак алынды. Бул тууралуу мэриянын маалыматында жазылат.
Маалым болгондой, Ленин районунда шаардын көрүнүшүн бузган жана мыйзамды бузуу менен мамлекеттик тилде жазылбаган жарнамаларды тазалоо боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
Мындай иш-чаралар Гагарин көчөсү боюнча Бакаев көчөсүнөн Тимур Фрунзе көчөсүнө чейин, Тимур Фрунзе көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин жана Ак-Ордо, Чоң-Арык, Арча Бешик конуштарында өткөрүлдү.
Жыйынтыгында 250 көрнөк-жарнак, 150 мыйзамсыз орнотулган жарнама такталары жана баннерлер демонтаждалды.