Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевге ата-энелерден акча чогултпоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди (бор, чака, жууп-тазалоочу каражаттар жана башка) сатып алууда республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт.
Кечээ, 25-февралда президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алган. Анда өлкө башчы билим берүү системасы реформага муктаж экенин белгилеген.