Акжол Махмудовго "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды (фото)

Балбан Акжол Махмудовго "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Спортчуга наамды жана акчалай сыйлыкты президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов тапшырды. Ошондой эле жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго Ардак грамота жана акчалай сыйлык ыйгарылды.

Акжол Махмудов - грек рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Ислам шериктештик оюндарынын алтын байгесинин ээси, Монголияда өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүсү. Ошондой эле Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси.

Махмудов 2022-жылы дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетишкен. Муну менен спортчу Кыргызстандын тарыхында эркектер арасында Дүйнө чемпиону болгон алгачкы балбан болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан