Бишкекте жаңы жылдык мыкты жасалгалоо сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Борбор калаанын мэриясы жаңы жылдык мыкты жасалгалоо сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, муниципалитетте мыкты жаңы жылдык жасалгалоо сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Тактап айтканда, "Короодогу жаңы жылдык жасалгалоо" номинациясында 20 миң сомдон төрт сыйлык ыйгарылды:

- 1-орун-Медельян Валерий Юрьевич (27 кварталдык комитеттин төрагасы);
- 2-орун-Абдраимова Жамал Рахимовна;
- 3-орун-Токтосунова Планета Карыповна;
- 4-орун - Акматалиева Наргиза Эсенкуловна.

"Министрликтердин жана административдик ведомстволордун имараттарынын фасаддарын жана жанаша аймактарын жаңы жылдык мыкты жасалгалоо" номинациясында:

- 1-орун-Сыдыкова Мээрим Амантуровна (№18 мектепке чейинки билим берүү уюму), 50 миң сомго сертификат;
- 2-орун-Бабакулова Асылгул Рыскулбековна (№185 мектепке чейинки билим берүү уюму), 40 миң сомго сертификат;
- 3-орун-Усубакунова Айгуль Ильясовна (№6 мектеп), 30 миң сомго сертификат.

"Фасаддарды жана ири соода комплекстеринин, борборлордун жана базарлардын жанындагы аймактарды жаңы жылдык мыкты жасалгалоо" номинациясында:

- 1-орун-Шевченко Кирилл Олегович ("Азия Мол" СБ), 80 миң сомго сертификат;
- 2-орун-Казакбаева Батма Маратбековна ("Дордой-Плаза" СБ), 60 миң сомго сертификат;
- 3-орун-Баялиев Нурсултан Сагынбекович ("Бишкек парк" СБ), 40 миң сомго сертификат.

"Соода жана кызмат көрсөтүү объекттеринин, кеңселердин жана башка объекттердин фасаддарын жана жанаша аймактарын жасалгалоо" номинациясында:

- 1-орун-Конурбаева Диляна Эрнстовна ("Ала-Тоо" рестораны), 70 миң сомго сертификат;
- 2-орун - Турсунбеков Адилет (Finka Bank, Абдрахманов көч., 105), 50 миң сомго сертификат;
- 3-орун - Уланбеков Шергелди Уланбекович («Vavilon» салтанаттар үйү), 30 миң сомго сертификат.

Сынактык комиссиянын чечими боюнча Гран-при 50 миң сом суммасында Ленин акимчилигине ыйгарылды.

Ошондой эле коомдук транспортту жасалгалагандыгы үчүн төмөнкү айдоочуларга 10 миң сомдук сертификаттар тапшырылды:

- Тойалиев Улан;
- Сагындык уулу Чынгыз;
- Эстебесов Сүйүнбек;
- Жусуп уулу Тилек;
- Жуманов Алмаз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан